Пакистанда поезддеги өрттөн 65 киши каза тапты

Автор -

Пакистандын борбордук бөлүгүндөгү Пенжаб провинциясында поездде өрт чыгып, андан кеминде 65 киши каза тапты. Бул маалыматы провинциянын саламаттык сактоо министри Ясмин Рашид ырастады. Жараат алган кыркка чукул адам ооруканага жеткирилди.

Маалыматка ылайык, поезд Пенжабдын түштүк бөлүгүндөгү Рахим Яр Хан шаарчасына жеткенде вагондордун биринде жарылуу болгон. Андан соң өрт башка вагондорго жайылган. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, поезд Карачиден Равалпинди шаарына бара жаткан.

Пакистандын бийлиги өрткө айрым жүргүнчүлөр вагонго мыйзамсыз алып кирген газ иштеген чакан мештер себеп болгонун билдирүүдө.

«Эртең мененки тамакты бышырып жатканда эки меш жарылып кеткен. Айрым жүргүнчүлөр керосин ташып бара жаткандыктан, анын үстүнө поезд жүрүп баратканы үчүн өрт жайылып кеткен»,
- деп билдирди Пакистандын темир жол министри Шейх Рашид Ахмед.
Министр жүргүнчүлөрдүн көбү «Таблиги жамаат» кыймылынын чоң жыйынына бара жатканын белгиледи.
«Көп адамдар поездден секирип кетебиз деп жатып каза табышты»,
- деди министр Ахмед.

Пакистандын телеканалдары көрсөткөн видеолордон вагондордун терезесинен жалын алоолоп чыгып жатканын, айлананы түтүн чулгаганын көрүүгө болот. Өлкөнүн армиясы билдиргендей, кырсык болгон жерге аскерлер жана медиктер жөнөтүлдү.

Пакистанда темир жолдору чөлкөмдө Британиянын үстөмдүгү күч болуп турган учурда курулган. Инвестициянын жетишсиздигинен улам алардын басымдуу бөлүгү жаңылана элек. Андыктан темир жол кырсыктары тез-тез катталып турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү