Атамбаевдин уулунун кеңсесин Аскер прокуратурасынын кызматкерлери текшерип жатышат (видео)

Автор -

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш- Энерго» ишканасына Аскер прокуратурасынын 2 кызматкери келди. Бул туурасында «Апрель» телеканалынын кабарчылары билдиришти.

Алардын кандай максат менен келгени азырынча белгисиз. Жеринде тартуу иштерин жүргүзүп жаткан канал журналисттерин ичкери киргизишкен жок.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина бийликти Атамбаевдин уулдарын куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү