Мэрия шаардыктардан мешке резина жана таштанды жакпоону суранат. Укпагандар айыпка жыгылат, деп эскертишет калаа бийлигинен.
Борбор калаадагы санитардык-экологиялык инспекция райондук акимиаттар менен бирге күн сайын шаарды кыдырып, тазалыгын көзөмөлдөп турат.
[ads-quote-center cite=’Бишкек мэриясы’]«Тилекке каршы, сууктун тушүшү менен айрым шаар тургундары мешке жана мончого резина жана ыпыр-сыпыр жагып башташты. Биз сиздерге желимден, калдыктардан жана жалбырактардан чыккан түтүн — адамдын ден соолугуна чоң зыян алып келүүчү истүү газдын булагы экенин эскертип кетебиз. Андыктан, аларды өрттөбөөнү суранабыз». [/ads-quote-center]
Эскерте кетсек, КР Бузуулар боюнча кодексинин 71-беренесине ылайык, таштанды жаккандарга 23 миң сомго чейинки айып пул каралган.
71-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө.
- Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөөгө:
- физикалык жактар үчүн -5 миң 500 сом;
- юридикалык жактар үчүн – 17 миң сом айып салынат.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөөгө:
- физикалык жактар үчүн -7 миң 500 сом;
- юридикалык жактар үчүн –23 миң сом айып каралган.
[ads-quote-center cite=’Бишкек мэриясы’]
«Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Бул беренелер боюнча бузууларды байкасаңыздар, бизге маалымдоону суранабыз:
Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуулу: 0(312) 65 81 59,
сүрөт жана видео далилдерди төмөнкү WhatsApp-каналга жөнөтсө болот: 0505 888 315
Биринчи Май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 707 373 373;
Ленин району: 0500 210 470».
[/ads-quote-center]