Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан төрт киши каза тапты

Автор -

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы кырсык төрт адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 11-ноябрь күнү түш маалында кара жолдун 218-чакырымында болгон.

«Унаа жолдон «Субару Импрезия» жана «Норд» унаалары кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен «Субару» унаасынын айдоочусу менен анын 3 жүргүнчүсү каза тапты. Дагы бир жүргүнчү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Чогултулган материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө берилди. Сотко чейинки өндүруш башталды».
ЖКККББ

Айрым маалыматтарга караганда, көз жумгандардын арасында төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу бар.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү