Россияда түрмөгө баңгизат ташыган мышык колго түштү. Аны кандай жаза күтөт?

Автор -
502

Россияда полиция кызматкерлери түрмөгө баңгизат ташуу үчүн атайын үйрөтүлгөн мышыкты кармашты.

Бул жаныбар «коркунучтуу кылмышкер». Аны түрмөнүн аймагына кирип бараткан жеринен кармашып, мойнуна тагылган каргыдан 13 грамм баңгизатын табышкан.

Полиция мышыкты жазалабай турган болду. Аны ветеринарлар текшерип, жөнөкөй формадагы вирус бар экенин аныкташкан. Эми толук сакайып кеткиче өзүнчө тордо кармалып, кийин жаныбарлардын атайын жайына жөнөтүлмөй болду.