Матраимов тууралуу иликтөөдө аты аталган Айэркен Саймаитини өлтүрүп кетишти

Автор -

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткирилген Саймаитинин жаракаты оор болгондуктан каза тапкан.

Саймаитинин ысымы «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуя болгон жерде изилдеп иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү