8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Антошка» тез татым жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган. Учурда алардын экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
[ads-quote-center cite=’ Саламаттыкты сактоо министрлиги’]«Бүгүнкү күндө ооруканада 7 жабырлануучу тиешелүү дарылануудан өтүүдө. 2 жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. 9-ноябрь күнү 3 жабырлануучу абалы канааттандырарлык деп амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, бардык дары-дармектер менен камсыздалган».[/ads-quote-center]






























