«Автомаш-Энерго» компаниясынын жетекчиси Сеид Атамбаев өз компаниясынын кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо максатында Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданды. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Сөз 2019-жылдын 1-ноябрында Башкы прокуратура тараткан маалымат тууралуу болууда.
[ads-quote-center cite=’ деп жазат Султанбеков. ‘]«Башкы прокуратура тараткан маалымат — ар бир сүйлөмүндө калп камтылган, кемсинтүү-асылуулары бар дилбаянга окшоп калыптыр»,[/ads-quote-center]Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 31-октябрда мурунку президенттин уулу Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, финансылык документтерин алып кетишкен. Сеид Атамбаев муну компаниясын рейдерлик басып алуу аракеттери катары баалаган.
Башкы прокуратура 1-ноябрда бул тинтүү тууралуу түшүндүрмө берип, Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринин алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Автомаш-Энерго» ЖЧКсында текшерүү өткөрүүгө тийиш экенин, компания 2015-жылдан бери салыктык текшерүүдөн өтпөй жүргөнүн маалымдаган.