Конституциялык палатанын судьясы Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду

Автор -

Мыйзамда көрсөтүлгөн жаш курагы чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаевди кызмат ордунан бошотууга Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, судьялардын мамлекеттик кызматта иштөө мөөнөтүнүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы тогуз судьядан турат.

  • төрагасы — Карыбек Дүйшеев
  • төраганын орун басары — Эмил Өскөнбаев
  • судья-катчы — Мээргүл Бобукеева
  • судьялар Чынара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Эркинбек Мамыров, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова, Жедигер Саалаев.
Бөлүшүү