«Тез жардам» унаасы катышкан кырсыкта жабыркаган окуучу бала каза тапты

Автор -

4-ноябрда жол кырсыгына кабылып, он күндөн бери комада жаткан окуучу бала каза болду. Бул туурасында Super.kg баланын атасына таянып, жазды.

Кырсык Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Тез жардам» кызматы менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктан 9 жаштагы бала жана бир киши жабыркаган. Жаракат алган 9 жаштагы бала он күн комада жатып, каза болуп калган.