Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт киши каза таап, он бири жабыркады

Автор -

Бишкек-Ош жолунун 163-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Мерседес-Спринтер» жана «Хонда-Степ» машиналарынын катышуусуна жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык 24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында болгон. Анын кесепетинен бир бала (4-5 жаштагы) жана үч аял киши мүрт кетип, 11 адам (эки эркек, алты аял жана үч бала) жабыркады (алардын аты-жөнү такталууда).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.