Айеркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун машинасын 10 миң долларга ижарага алып, айдап жүргөн. Бул тууралуу Sozcu түрк басылмасы жазып чыкты.
Анда кыргыз бийлигине дал ушундай отчет жөнөтүлгөнү айтылат.
Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү кытай жараны болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити Стамбул шаарында ок жеп каза тапканы кабарланган. Кылмыш болгон жерде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа талкуу чордонунда калган. Айрым булактар унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экенин жазып чыгышып, 12-ноябрда, дээрлик 2 күндүк үн катпоодон кийин КР ТИМ унаа чынында Эркин Сопоковго таандык экенин, бирок ал октябрдын аягында сатуу үчүн машинасын ортомчу компанияга тапшырганын билдирген. Ошол эле күнү Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн УКМК, Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык топ түзүлгөнү айтылган.