Кытай жаңы сим-карта алгандардын жүзүн сканерлөөгө өттү

Автор -
248

Кытайдын бийлиги уюлдук операторлорду жаңы сим-карта сатып алган адамдардын жүзүн сканерлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Өнөр жай жана маалымат министрлигине шилтеме берип жазды.

Жаңы талап 1-декабрдан тарта күчүнө кирди. Буга чейин сим-карта сатып алууда жарандар сөзсүз түрдө ким экендиги жазылган документтерин көрсөтүшчү. Эми ар бир жаңы кардар жүзүн сканерлетүүгө милдеттүү.

Бийликтен билдиришкендей, мындай ыкма жарандардын кибер коопсуздугун камсыздайт.