«БеспределKG» администратору Афтандил Жоробековду колдоо акциясы өтөт

Автор -

Бишкекте Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробековду колдоо үчүн акция өтөт. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары билдиришти.

«Жактоочулар Афтандилдин иши боюнча аппеляциялык арыз беришти. 3 күн ичинде соттун датасы белгилүү болот. Эгер сиз Афтандилдин иши боюнча айыптоолор адилетсиз деп эсептесеңиз, анда соттун имаратына үнсүз нааразычылык акциясына келиңиздер»,
деп жазылат активисттердин маалыматында.

«Адилет» укуктук клиникасынан маалыматты тастыкташты. Афтандил Жоробековдун баш коргоо чарасы тууралуу чечимдин үстүнөн доо арыз берилди. Сот ушул жумада өтөт, бирок так датасы азырынча белгисиз.

Социалдык тармакта «Мен/Биз Афтандил Жоробеков» флешмобу уланууда.

Эске салсак, 27-ноябрь күнү УКМК аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээкк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.

Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.

Бул арада Жоробековдун карындашы бул маселени чечүүдө жардам сурап, президентке жана Өмүрбек Текебаевге кайрылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү