Мотоциклчен цирк артисти трюк көрсөтүп жатып, кулап түштү (видео)

Автор -

Россияда 28 жаштагы цирк артисти Стивен Салло мотоциклчен трюк көрсөтүп жатып, 4 метр бийиктиктен кулап түштү. Кырсык Москванын түндүк-чыгышында жайгашкан Сергиев Посад шаарында болгон.

Көрүүчүлөр бул учурду тасмага тартып калышкан. Кадрларда артист чоң шардын ичинде мотоцикл менен ары-бери айланып жатканын көрүүгө болот. Анын ылдамдыгы улам жогорулап отуруп, бир маалда өнөрпоз мотоцикли менен кулап түшкөн.

Маалыматка караганда, Салло башынан жаракат алып, денеси көгөрүп ооруканага жеткирилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү