Саркисян кыргыз депутатынын ЕАЭБ боюнча сынына жооп берди

Автор -

Евразия экономикалык кеңешинин башчысы Тигран Саркисян «Tazabek» сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдун «Кыргызстан биримдиктен чыгышы керек» деген пикирине жооп берди.

Экономикалык маалыматтарды жазган «Tazabek» сайты кабарлагандай, Саркисян мындай деген:

[ads-quote-center cite=»]«Мындай сөз жалаң эле Кыргызстанда айтылган жок. Албетте, андай күмөн бар. Эмнеге нааразы жана эмне жакпай жатат — мындай сындарды угушубуз керек. Биз Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) дарегине айтылган сынга көз салабыз. Сын пикир бизди күчтүү кылып, кемчиликтерди жоюшубуз керек».[/ads-quote-center]

Парламент депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин пайдасы жок экенин белгилеп, ал уюмдан чыгууну сунуш кылган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар — жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.