ӨКМ: «Кумтөрдүн» кызматкерлери басылып калган жерге жетүү кыйын болуп жатат

Автор -

Кумтөрдүн жоголгон эки кызматкерин издөө тобу бүгүн «алар көчкүдө калып калды деген болжолдуу жерге жетебиз» деп аракеттенип жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат. Издөө иштерине альпинисттер дагы кошулду.  Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын узундугу 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825,000м3.

«Экологиялык-техникалык коопсуздук кызматы чалгындоо иштерин жүргүзүп, кооптуу деген жерлерде атайын приборлорду койгон. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги күнүнө үч жолу анализдерди алып, тийиштүү органдарга жиберип жатат. «Кумтөрдүн» кызматкерлери басылып калышы мүмкүн деген болжолдуу жерге жетүүгө кыйын болуп жатат. Күн ачылып калды, буюрса, бүгүн кечке чейин ошол болжолдонгон жерге жетебиз деген аракеттерди кылып жатабыз», — деп билдирди министрдин орун басары Калыс Акматов журналисттерге.

Эскерте кетсек, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер «Кумтөрдөгү» жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү