Сүйүнчү! Мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени төмөндөдү

Автор -
273

Мамлекеттик ипотекалык компания насыялардын пайыздык чендерин төмөндөттү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, төмөндөтүү 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта берилип баштаган насыяларга гана тиешелүү. Ага ылайык:
— эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10-20 %  баштапкы төгүмүн камсыздаса —  8 % жылдык пайыздык чен;
— сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса- 7 % жылдык пайыздык чен;
— сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 %  баштапкы төгүм камсыздаса — 6 %  жылдык пайыздык чен менен берилет.

Жеке турак жай куруу үчүн :
— Курулуш мезгилинде жылдык-10% жылдык пайыздык чен.
— Турак жай курулушу аяктагандан кийин -6% жылдык пайыздык чен.

МИК буга чейин 5 миллиард сомго 4 миңден ашык ипотекалык насыя берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү