Ноокатта жол тескөөчү пара менен кармалды

Автор -

Ош облусунун Ноокат районунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн инспектору 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

«30-ноябрда ИИМдин Тергөө кызматына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жол эрежесин бузгандыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору айдоочунун паспортун алып 8000 сом талап кылганы айтылган. Айдоочу билдиргендей, ал инспекторго 2000 сом пара берген»,
-деп айтылат маалыматта.

Мекеме бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Пара талап кылуу» беренеси менен каттап, тиешелүү тергөө иш-чаралары башталган.

«Бүгүн, 3-декабрда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун ЖКККБсынын инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды», 
деп кабарлады басма сөз кызматынан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү