Сапар Исаков: Атамбаевди каалаган нерсеңерге күнөөлөгүлө, бирок коррупцияга эмес!

Автор -

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Жараянга Super.kg журналисттери көз салган.

Отурумда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 2013-жылы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын айтты. Айтымында, анда ал кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен бир маселе боюнча катуу айтышып кеткен.

[ads-quote-center cite=’- деди Исаков.’]«Буга Нурсулуу Ахмедова күбө болгон. Жумуштан кетүү боюнча арызды жазып, Данияр Нарынбаевге таштап кеткем. Анткени мен ошол кезде өлкө башчынын позициясына каршы болчумун. Бирок Атамбаев ушундай киши экен, кырдаалды иликтеп туруп мени эки күндөн кийин чакырды. Ошондо Атамбаев кечирим сурап: «Балам, мени кечир! Мен эксперттерди чакырып консультация алдым, көрсө сен туура айтыптырсың, мен жаңылып калыптырмын» деген. Кайсы президент өз катасын моюнга алып, өзүнөн ылдый турган адамдан кечирим сурап жатыптыр. Ушундан кийин дагы мени мамлекет башчыга кошомат кылган деп жатышат. Ыза болосуң. Нарынбаевден сурап көргүлө, ал тастыктап берет. Нарынбаев калп айтпайт», [/ads-quote-center]

Мындан тышкары, Исаков Алмазбек Атамбаевдин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлөнүп жатканы тууралуу оюн айтты.

[ads-quote-center cite=’ — деп кошумчалады ал.’]«Аны каалаган нерсеге күнөөлөгүлө, бирок коррупцияга эмес, анткени ал коррупционерлерди жаман көрчү. Дайыма бизге коррупцияга барбагыла деп, керек болсо, айлыгыбызга акча кошуп берген»,[/ads-quote-center]

Сөзүнүн соңунда Исаков кыргыз элине кайрылып, ЖЭБ өлкө үчүн керектүү долбоор болгонун айтты.

«Эки жыл мурун мынчалык жалган жалаа жабылып, коррупцияга айыпталам деп ойлогон эмесмин» деген Исаков сөзүн жыйынтыктай албай, мукактанып токтоп калды. Отурумда отурган жакындарынын арасында да буга таасирленип ыйлап жибергендери болду.

[ads-quote-center cite=’деди Исаков’]«Мен башкача тарбия алгам. Эч качан паракорлукка бармак эмесмин. Атам кадырлуу адам эле. Анын атын булгамак эмесмин. Көп адамдар ушундай калпка ишенип алганы мени өкүндүрөт. Ал эми мага ишенгендерге ыраазычылыгымды билдирем. Мен аягына чейин барам, силердин ишеничиңерди актайм. Кыргыз эли чындыкты билиши үчүн, аягына чейин күрөшөм. Мага коюлган күнөөнү толугу менен моюнума албайм. Мени гана эмес, бул жакта чогуу отургандарды дагы актоону суранам. Эң акыры болбой баратса, менден башкасын бошотууну суранам. Анткени чындыгында, бүгүнкү бийликтин максаты мен элемин»,[/ads-quote-center]