Ошто жыл башынан бери ВИЧ илдеттүү 31 аял көз жарды

Автор -

Ошто жыл башынан бери ВИЧ илдеттүү 31 аял көз жарды. Бул тууралуу Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова «Азаттыкка» билдирди.

Андан алынган маалыматка ылайык, мекемеде Ош шаары менен Ош облусунун аймагынан 47 кош бойлуу аял каттоодо турат. Алардын төртөө жаңы учур катары аныкталып, каттоого алынган.

Элмира Нарматованын айтымында, ВИЧ илдеттүү кош бойлуу аялдарга карата төрөткө чейинки дарылоо иштери жүргүзүлүп, төрөлгөн ымыркайлар 18 айга чейин каттоого алынган. Бул убакытта төрөлгөн балдарда илдет бар-жогу аныкталат.

ВИЧ — Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы — СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат.

Бөлүшүү