Казакстандагы жол кырсыгынан 8 адам каза таап, 21 адам жаракат алды

Автор -

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда болгон жол кырсыгынан 8 адам каза тапты.  Каза болгондордун баары казак жарандары болгондугун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Казакстандын ИИМинин административдик полиция комитетинин орун басары Жанат Абдрахманов төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул кырсык бүгүн, 3-декабрда Кызыл-Ордо – Кумкөл автожолунда катталган. Азыркы учурдагы маалыматтарга ылайык, 8 адам курман болуп, 21 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Автобустун айдоочусу жол тайгак болгондуктан унааны башкара албай калган болушу мүмкүн».

Автобустун ичинде 50 жүргүнчү болгону айтылууда. Алар жергиликтүү нефти компаниясынын жумушчулары экени маалымдалды.

Эске салсак, ушуга окшогон кырсык 1-декабрда Орусиянын Забайкалье аймагында дагы катталган. Анда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус Чита–Сретенск каттамында бара жатып Куэнгу дарыясындагы көпүрөдөн кулап кеткен. Андан 19 адам каза болуп, 22 жүргүнчү жаракат алышкан. Бардыгы болуп автобуста 43 жүргүнчү жана айдоочу болгон.

 

Бөлүшүү