Атамбаевдин тарапташы Баабиевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, «Элдик штабдын» мүчөсү Фархат Баабиевдин камакта кармалуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мындай чечимди кечээ, 3-декабрда Биринчи Май райсоту кабыл алган. Ага ылайык, Фархат Баабиев 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 Тергөө абагында болот. «Элдик штабдын» мүчөсүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинде (адамдар тобу менен алдын-ала сүйлөшүп алып, аймак аралык кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышка айыпташууда.

Жолдубаеванын айтымында, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутатты Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камагында калуу мөөнөтүн узартуу маселеси дагы чечилмекчи. Эл өкүлдөрү 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында спецназ жоокерлерин барымтага алууга шектелип жатышат.

Ошондой эле, бүгүн УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасы кайра каралат. Анын жактоочусу Автандил Бакытбек уулунун айтымында, Атамбаевдин мурунку жан сакчысы тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда. Ага бир катар беренелер менен айып тагып жатышат: «Массалык башаламандык», «Адамдар тобу менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Тергөөчүнүн жана башка кызматтагы адамдардын ишине тоскоолдук кылуу».

Бөлүшүү