УКМК тергөө органына «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдиришинче, учурда ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
УКМК өлкө аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейт.
21-ноябрда «Азаттык», Kloop жана OCCRP Бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялашкан. Анда айтылган фактылар боюнча Башкы прокуратура «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгогон. УКМК 2-декабрда бул иш боюнча көрсөтмө берүү үчүн «Азаттык радиосунун» журналисттери суракка чакырылганы жана алдыда бир катар депутаттар, өкмөт башчы чакырыла турганын кабарлаган.