Депутат Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышына нааразы (видео)

Автор -

Депутат Евгения Строкова премьер-министрдин кадр саясатына «чын жүрөктөн суктанып» жатканын билдирди. Ага Рита Карасартованын Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине директор болуп дайындалганы жакпай калган. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Карасартова кайсы жакта туруктуулук болбой жатса, ошол жакка барат деген пикирде. Анын айтымында, Атамбаевдин убагында Карасартова дайыма каршы чыгып, кийин ал жакта туруктуулук жок болгондо колдоп калды.

«Мен премьер-министр, Рита Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз сезем. Ал Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Биз эмне балдарды Ата Мекендик согушта Америка уткан деп үйрөтүүнү каалайбызбы?» 
дейт Евгения Строкова.

Бөлүшүү