Аялын 2 баласы менен мууздап салган зөөкүрдөн өгөй баласы качып кутулду

Автор -
460

Татарстандын Менделеевск шаарында мурун 3 жолу соттолгон адам мурунку аялын, 19 жаштагы өгөй баласын жана эки жаштагы өз уулун өлтүрүп таштады. Мас атанын бычагынан 12 жаштагы өгөй баласы гана аман калган. Ал батирдин терезесинен секирип кеткен.

Жаракат алган баланын жардамга чакырып, наабайканага кирген учуру тасмага түшүп калган. Роликти «Россия 24» жарыялады.

Тасмада баланын денеси кан экени көрүнүп турат. Наабайкана кызматкерлери жабырлануучуга «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Бир аз убакыттан кийин дарыгерлер келип, баланы ооруканага алып кетишкен.

Кийин кылмышкерди кармашты. Ал 41 жаштагы Айнур Харисов аттуу адам болуп чыккан. Тергөөдө мындай кылмышка кызганычтан улам барганын айткан. Үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салган учурда ал мас болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү