Оштогу кафеде мушташ чыгып, бир жигит жаракат алды

Автор -
440

Ош шаарындагы кафелердин биринде массалык мушташ орун алып, бир жаран октон жаракат алгандыгы айтылды. Маалыматты шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрда ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан маалымат келип түшкөн.

«Кафелердин биринде эс алып отурган Ош шаарынын 25 жаштагы эки тургуну аларга жакын отурган 21 жаштагы эки бала менен сөз талашып уруша кетишкен. Мушташтын кесепетинен 21 жаштагы жигиттердин бири ооруканага кайрылып, медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Дарыгердин айтымында, жаракат алган 21 жаштагы жигитке ок же учтуу буюм тийген. Бирок мушташтын катышуучуларын суракка алганда алар жанында эч кандай курал болбогонун айтышкан»,- деп билдирет маалымат кызматы.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бөлүшүү