Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайы такталып бүтө элек

Автор -

Сириядагы кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо иштеринин экинчи фазасы жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттык» радиосуна маалымдады.

Сириядагы, Ирактагы кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканын өкмөт мурда кабарлаган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, аялдар жана балдар күзүндө алып келиниши керек болчу, бирок азырынча ишке аша элек. Коңшу Казакстан менен Өзбекстан ал жактагы жарандарын алып келүүнү 2019-жыл башынан бери улантууда. Тажикстан да балдарды алып келген.

Сириядагы апааттан качкандардын көбү Түркияга чектеш жердеги лагерлерде отурушат. Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, 70 миңдей кишинин 90% аялдар жана балдар. Арасында чет өлкөлүктөр — 12 миң. Андан тышкары Ирактагы түрмөлөрдө да кыргызстандыктар бар экени айтылган. Жалпысынан ал жакта 54 мамлекеттин жарандары бар.

Расмий маалыматтар боюнча, «Ислам мамлекети» террордук тобуна Кыргызстандан 800дөй киши кеткен. Эки жүзгө жакыны ошол жакта каза болду.

Бөлүшүү