Ошто 2 жоокер качып кеткен. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп баштады

Автор -

Ош шаарында аскердик кызматын өтөп жаткан 2 жоокер изделүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ шаардагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнөн 18-19 жаш курактагы эки жоокер качып кеткен.

«Эки жоокер ушул жылдын күз мезгилинин соңунда аскердик кызматын өтөө үчүн Ошко келишкен. Алардын качып кетишине аскердик кызматын өтөөгө көңүлдөрү жок болгону себеп болушу ыктымал», — деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү