Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» атаган депутатка жооп берди

Автор -

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган Рита Карасартова аны «бүлдүргүч» деп атаган депутат Евгения Строковага жооп кайтарды, деп жазат «Азаттык».

Карасартова ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтты.

«Аябай капа болгонум — биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка кааларым — жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын»,
деди Карасартова.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Евгения Строкова Карасартованы «бүлдүргүч» деп атап, аны жетекчи кылып дайындаган өкмөт башчыны сынга алган.

Бөлүшүү