Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (WADA) Орусия спортчуларына Олимпиадага катышуусуна 4 жылга тыюу салды. Мындай чечимди бүгүн, 9-декабрда агенттиктин аткаруучу комитети чыгарды, деп жазат Super.kg.
Эми Орусия спортчулары ири дүйнөлүк мелдештерге катыша албайт. Бул Олимпиада жана Дүйнө чемпиондуктарына да тиешелүү. Орусия 4 жыл ичинде ири мелдештерди кабыл алуусу да мүмкүн эмес. Ошондой эле Орусия чиновниктери Олимпиада жана башка ири мелдештерге бара алышпайт. Орусия тарап ири айып төлөөсү керек.
Таза спортчулар Олимпиада жана Дүйнө чемпиондуктарына нейтралдык статус менен катыша алышат. Алар желеги жана гимни жок катышат.
Бул чечим Москванын антидопингтик лабораториясынын маалыматтарын текшерүүдөн кийин чыгарылды. Анда 2012-2015-жылдары допинг колдонгон спортчулардын маалыматтарын алмаштырып турушканы ачыкталган.