Экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылды. Бул тууралуу Saat.kg порталына ИИМден билдиришти.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшү шарт. ИИМ Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык башаламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатканын билдирет. Анын алкагында 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.
«2019-жылдын 12-ноябрь күнү оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, КР Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү», — деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Буга чейин Жогорку Кеңештин эки депутатын, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын психологиялык-психиатриялык экспертизага чакырышканы белгилүү болгон.