ЖКККББ башчысынын орун басары: Жасалма номерлүү «Мерседестин» айдоочусу көрсөтмө берди

Автор -
366

МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов жасалма 578 ACD номурлуу Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын рулунда отурган эмес. Бул тууралуу ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловго таянып, Vesti.kg билдирди. «мерседестин»

Иманалы Саркулов жасалма номер тагылган унаанын айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө бергенин билдирди.

«Биз «Коопсуз шаардын» видеокамераларына түшкөн 578 мамлекеттик номурлуу ак Mercedes автоунаасын таптык. Унаа айып жайга киргизилди. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов автоунаанын рулунда отурган эмес. Ал таптакыр башка адам. Айдоочу бизге күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берди. Аталган факт боюнча материал чогултулду. Муну менен бирге бизде азырынча автоунааны Чүй прокуратурасынын кызматкери Нурбек Болот башкарып бара жаткандыгы тууралуу маалымат жок», -деди Саркулов.

Тактай кетсек, буга чейин «Репортер» МИ ушул күндөрү интернетте сүрөтү тараган унаа Чүй прокуратурасынын кызматкери жана ЖКнын экс-депутаты Муратбек Малабаевдин тууганы, 1991-жылы туулган Нурбек Болотко таандык болушу мүмкүн экенин жазган. Портал Твиттер социалдык тармагынын  @svobodnyi_13 аттуу колдонуучусунун сөзүнө шилтеме кылган.

Башкы прокуратурада бул маалыматты азырынча ырасташа элек.

Эске салсак, жакынкы күндөрү интернетте жасалма 578 ACD мамлекеттик номурлуу унааны башкарып бара жаткан адамдын «Коопсуз шаардын» видеокамераларынан тартылып алынган сүрөттөрү тараган. Айрым колдонуучулар автоунаанын рулунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмазбек Мамбетов, ал эми жанындагы жүргүнчү анын орун басары Айнура Туйбаева деп божомолдошкон.

МККнын башчысы өзү сүрөттө ал эмес экенин айтып, бирок, андагы эркек адамга чын эле окшоштугу бар экенин мойнуна алган. Алмаз Мамбетовдун айтымында ал жумуш күндөрү айдоочусу менен кызматтык унаада, ал эми дем алыш күндөрү — 5525 мамлекеттик номурлуу кара Merсedes унаасы менен жүрөт. Мындан сырткары, ал фотофиксация орун алган маалда конокто болгонун жана муну көптөгөн адамдар тастыктап бере алышарын кошумчалаган.