Батир убадалаган. Бишкекте 57 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Автор -

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз жазган. Арызда шаардагы курулуш компанияларынын биринде иштеген аялга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2018-жылдын май айында курулуш компаниясында иштеген аял курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алып берүүнү айтып, андан 170 миң сом акчасын алган. Бирок ал убадасын аткарбай качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 57 жаштагы М.К. аттуу аялды кармашкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп, шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу такталууда.

Бөлүшүү