Сүлүктүдө 4 шахтёр газга ууланып каза тапты, алардын экөө-бир туугандар

Автор -

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан шахтадан газ чыгып, анда иштеген 4 кызматкер газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-декабрда болгон.

«Жерине 6 куткаруучу тартылып, алар каза болгон жарандарды шахтадан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен», — деп билдирет мекеме. 

Sputnik.kg агенттигинин маалыматына караганда, каза болгон төрт киши Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылынын тургундары болчу.  Маркумдардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. 32 жана 34 жаштагы эки шахтер бир туугандар экени айтылат.

Айыл тургундарынын айтымында, эң кичүү жигиттен башкасынын баары үй-бүлөлүү болгон. Алар ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.