Чүй кең көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жабылат

Автор -

Эртең, 13-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Буга байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн анча чоң эмес бөлүгү убактылуу жабылат, деп билдиришти калаа мэриясынан.

Балатыны жандыруу салтанаты саат 19:00дө башталат. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик гүлзарына чейинки бөлүгү саат 17:00дөн тартып, иш чара аяктаганга дейре жабык болот.

Шаар бийлиги айдоочулардын келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, алдын ала башка жол тандап алууга чакырат.

Бөлүшүү