КСДП: Кой-Таш окуялары боюнча мамкомиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган

Автор -

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын иши тууралуу билдирүү таратты.

Текстти толугу менен беребиз:

«7-8 –августтагы Кой –Таш окуяларын иликтөө боюнча мамкомиссия» аттуу ойдон чыгарылган нерсе өлкөнүн учурдагы бийлигинин саясый каталарын жана кылмыштарын калкалоо үчүн кызмат кылууда. Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (КСДП) 7-8 –августтагы Кой –Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Андан тышкары, мамлекеттик деп аталган бул, тагыраак айтканда, «дүжүр» комиссия ойдон чыгарылган жалган институт болуп саналат, анткени мындай комиссиялар жөнүндө эч кандай жоболор жана анын иш нормаларын аныктаган кандайдыр бир регламенттер жок.

Мамкомиссиянын ишинде, жадагалса, калыстыктын жыты да жок экени башынан эле белгилүү болчу, анын үстүнө комиссиянын башында өкмөт мүчөсү, Кыргыз Республикасынын президентинин Указы менен дайындала турган күч түзүмүнүн куратору турат. Мамлекеттик комиссиянын курамынын басымдуу бөлүгү ачык эле кызыкдар адамдардан куралган: мамкомиссиянын айрым мүчөлөрү экс-президентке карата жекече кас мамиледе болсо, дагы бирөөлөрү А.Ш. Атамбаевдин К. Бакиевдин үй-бүлөлүк кланы менен күрөшкөнүн унута алышпайт, үчүнчүлөрү болсо анын президенттик мөөнөтү жөнүндө терс пикирдеги адамдар.

Комиссия мүчөлөрү өзүлөрүнүн А.Ш. Атамбаевге карата жеке дооматтарын Кой-Таш окуяларын калыс иликтөөдөн бөлүп карабаганын ачык көрсөтүштү. Мамкомиссиянын мүчөлөрү мыйзам күчүн артка кайтаруу боюнча Конституцияны одоно бузууну жан алдары калбай актоого аракеттенип, ал Жогорку Кеңешке ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан мыйзамсыз ажыратууга мүмкүнчүлүк түздү.

Биздин байкоолор көрсөткөндөй, «дүжүр комиссия» күч органдарынын катачылыктарын калкалап, мыйзамсыз чабуул коюуну жана тынч жарандарга зомбулук көрсөтүүнү, ошондой эле экс-президент А.Ш. Атамбаев жана анын тарапташтарынын үстүнөн болуп жаткан сотторду мыйзамдаштыруу үчүн гана түзүлгөн.

Комиссия иш жүзүндө өзүнө тергөөнүн функцияларын энчилеп алган. Экс-президент А.Ш. Атамбаевдин тарапташтарына суроолорду берип жатып, комиссия мүчөлөрү аларга ачык эле кысым жасап, коркутууга аракеттеништи. Комиссиянын коомчулуктун кызыгуусун жараткан эң эле маанилүү маселелер каралчу бир нече жыйыны түшүнүксүз себептер менен жабык эшик артында өткөрүлдү.

Мамкомиссиянын ишинин жүрүшүндө Курманбек уулу Миржан аттуу жаш жигиттин өлүмү туурасындагы маселени талкууга алууга бир жолу да аракет жасалган жок. Бул жөнүндө маалымат каражаттары гана жазып чыгышты. Бул боюнча ИИМ өзүнүн расмий билдирүүсүндө «ал жигит токойго аңчылыкка барган, өзүн кокусунан бутка атып алып каза тапкан» деген гана маалымат тараткан. Чынында ал жигиттин Кой-Таштагы чабуул убагында гранатанын жарылуусунан улам набыт болгону айтылган.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн Аскер прокуратурасынын куралдуу кол салуунун уюштуруучуларын жоопко тартуу талабы айтылган катка колдорун коюшкан 1700 адамга карата жасаган зомбулугу да анчалык түйшөлткөн эмес.

Атайын кызматтардын экс-президент А. Ш. Атамбаевге каршы Кой-Таштагы кылмыштуу жана антиконституциялык операциясы жана тынч адамдарга карата жасаган ырайымсыздыгы мамлекеттүүлүккө, өлкөнүн күч органдарынын беделине орду толгус зыян келтирип, көптөгөн адамдарга айтып бүткүс кайгы алып келди. Бийликтин өз элине карата жасаган кыянатчылыгы менен зомбулугу жана мамкомиссиянын жарандардын тагдырына кайдыгер караганы кадыресе акыл –эсти айран таң калдырат.

Бирок бардык мыйзам бузуулар үчүн толук жооп бере турган күн келет жана Кой-Таш окуясына күнөөлүүлөр өзүнүн татыктуу жазасын алышат».

Бөлүшүү