Журналисттик этика комиссиясы Матраимовдун арызын кабыл алуудан баш тартты

Автор -

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жазган арызды кабыл алуудан баш тартты, деп жазат «Азаттык».

Матраимов «Азаттыктын» Оштогу журналистинин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган. Депутат алгачкы арызын 3-октябрда жиберген. Бирок анда макалалардагы кайсыл маалыматтарга нааразы экени ачык көрсөтүлбөй калгандыктан, 21-октябрда аны толуктап, экинчи жолу арыз жиберген.

Комиссия арызды кабыл албаганынын себебин төмөнкүчө түшүндүргөн:

  • Арыздын текстинен арыз берүүчүнүн ар-намысына кайсы маалыматтар шек келтиргенин так аныктоо мүмкүн эмес, андыктан карала турган предмет жок.
  • Комиссиянын компетенциясына кимдир-бирөөлөрдүн сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазуусунун аныктыгын текшерүү кирбейт, ал тургай жеке (конфиденциалдуу) мүнөздөгү аракеттерге баа берүүгө акысы жок.
  • Арыз берүүчү өз кайрылуусунда күн мурунтан эле Комиссиянын ишин объективдүү эмес жана бейтарап эмес деп баалаган пикирде болгондуктан анын арызын кароо мүмкүн эмес.

Чечим бүгүн, 12-декабрда комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Комиссия 2007-жылдан бери иштейт. Андан бери үч жолу курамы жаңыланган.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.

Бөлүшүү