«Мерседес» толугу менен күйүп кеткен. Ошто жол кырсыгынан 3 жигит оор жаракат алды

Автор -

Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, үч адам ооруканага оор абалда жеткирилди. Бул тууралуу Ош ОИИБге таянып, Turmush жазды.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 11-декабрь күнү саат 20:15 чамасында болгон.

«Жол кырсыгы Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Сулайманов көчөсүндө катталган. «Мерседес-Бенц 230» үлгүсүндөгү автоунаа «Ош» эл аралык аэропортунан келе жатып, Нариман айылын көздөй бара жаткан «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Мерседес» унаасы толугу менен күйүп кеткен», -деп билдиришкен мекемеден.

Кырсыктан «Хонда Жазз» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми «Мерседес-Бенц 230» унаасынын айдоочусу качып кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

«Ооруканага жеткирилген жүргүнчүлөрдүн абалы оор болгондуктан, алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн боло элек. Кырсык боюнча техникалык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, 3 бейтап тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алар 32 жаштагы жарандар.

Бөлүшүү