Мамкаттоонун башчысы жасалма номур боюнча милицияга арыз жазды

Автор -

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамбетов жеке адамдын маалыматы тууралуу ЖМКга жалган маалымат таратылганына байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Бир жума мурда Интернетте «01 578 ASD» деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Айрым жергиликтүү сайттар айдоочу мамлекеттик кызматкер экенин жазып чыгышкан. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаанын айдоочусу жөнөкөй жаран экенин билдирген
Бөлүшүү