Ооганстандын Памир тоолорунда жашаган этникалык кыргыздардын он үй-бүлөсү Алай районуна көчүп келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Раимбек Мамасеитов Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматта памирлик кыргыздар Алай районунун Сары-Могол айылына көчүп келгени айтылат. Аларды айыл тургундары тосуп алып, келген конокторго эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого ылайыкташтырып беришкен. Ошондой эле жылуу кийим, азык-түлүк ж.б. жашоодо керек болгон буюм-тайымдар менен жардам берип жатышканы айтылат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Алайда памирлик кыргыздардын айылы пайда болору айтылган болчу.