Кадамжай милициясы өзүн «УКМКнын кызматкеримин» деп тааныштырып, алдамчылык кылып жүргөн жаранды кармады.
2019-жылдын 04-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 27 жаштагы тургуну Төлөнов Руслан аттуу жаран 2019-жылдын 15-июлунан 12-октябрына чейинки аралыкта алдамчылык жолу менен 180 000 сом акча алып, ар кандай шылтоолорду айтып, качып жүрүп, акырында изин жашырып кеткендигин билдирип, арыз жазган.
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 54 жаштагы тургуну 2019-жылдын 6-сентябрь күнү Кадамжай шаарында бейтааныш атуул “УКМКнын кызматкеримин атым Руслан” деп тааныштырып, 24 000 (жыйырма төрт миң) сомдук унаа тетиктерин алып, акчасын эртең беремин деп, азыркы күнгө чейин кайтарып бербестен алдап качып жүрөт деп арыз менен кайрылган.
2019-жылдын 11-декабрь күнү Айдаркен шаарынын 43 жаштагы тургуну 2019-жылдын октябрь айында Айдаркен шаарында өзүн “СНБдан Жээнбеков Руслан” деп тааныштырган атуул арыздануучудан жериңдин документин бүтүрүп беремин деп, 10 000 (он миң) сом акчасын ишеничине кирип алдап алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгү боюнча арызда билдирген.
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну 2019-жылдын сентябрь айынын аяктарында Кадамжай районунун Бел айылындагы дүкөнүндө ага бейтааныш болгон өзүн “СНБда иштеймин, атым Руслан” деп тааныштырган бала ишеничине кирип жалпы суммасы 15 000 (он беш миң) сомдук ар кандай кийим кечелерин насыяга алып, акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей, изин жашырып качып кеткен деп өз арызында билдирген.
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай шаарынын 51 жаштагы тургуну 2019-жылдын август айынын аяктарында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү азык түлүк дүкөнүнөн ага бейтааныш болгон өзүн “ГКНБнын кызматкеримин атым Руслан деп, апам каза болуп калды, куран окутам” деп ишеничине кирип, жалпы суммасы 26 340 (жыйырма алты миң үч жүз кырк) сомдук азык түлүктөрүн алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей изин жашырып качып кеткен деп арыз менен кайрылган.
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын 51жаштагы тургуну 2019-жылдын ноябрь айынын башында ага бейтааныш болгон өзүн “УКМКнын начальнигинин орун басарымын, атым Руслан деп тааныштырып, апам каза болуп калды акча керек” деп ишеничине кирип, 30 000 (отуз миң) сом акчасын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербестен, изин жашырып качып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Жогорудагы 6 факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан дагы 3 факт алдамчылык, башкача айтканда, 195миң сомдук “Мерседец-Бенц” автоунаасын, жалпы баасы 17миң сомдук 2 баш кочкор жана базардан 11 миң сомдук кийим кечени алдоо жолу менен алып кеткендиги аныкталды.
Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, өзүн элдерге УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, алдамчылыктарды жасаган жаран Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 37 жаштагы Момбеков Нурланбек Долотбекович экендиги аныкталды. Ал 2016-жылы абактан качып кеткени үчүн издөөдө жүргөнү маалым болду. Учурда Кадамжай райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.