«ЭлТР» телерадиокомпаниясында жетекчи алмашты. Өкмөт башчынын буйругу менен башкы директорлук кызматка Керимбек Калыкулов келди.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология
факультетин аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
- «Ош шамы» гезитинин башкы редактору;
- Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
- Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу;
- Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору;
- «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары;
- Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси;
- 2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.
Ал эми, буга чейин «ЭлТР» телерадиокомпаниясын жетектеп келген Айбек Мусаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулганы айтылат.