Журналистти сабоого шектүүлөр кармалды

Автор -

Бүгүн, 14-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалгандар 25-27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары.

«Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат»,
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү