Журналистти сабоого шектүүлөр кармалды

Автор -

Бүгүн, 14-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалгандар 25-27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат», [/ads-quote-center]