Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 19 жаштагы кыз секирип кетти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти, деп жазат Super.kg.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-январда саат 19:00 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан М.С. аттуу кыз секирип кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу менен «Тез жардам» кызматы барган.
[ads-quote-center cite=’ деп билдиришти басма сөз кызматынан.’]«Кыз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган»,[/ads-quote-center]