Жаранды опузалап, миң доллар алган мурунку милиция кызматкери кармалды

Автор -

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ош облусунда мурдагы милиция кызматкерин жарандан опузалап, акча алган учурда кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Каржы полициясына жаран арыз менен кайрылып, анда «ИИМдин Оштогу башкармалыгынын кызматкеримин» деген адам андан 1000 доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жатканын жазган. Акчаны бербесе, ага кылмыш ишин козготуп, жоопкерчиликке тарттыра турганын айтып коркуткан.

«Финполициянын кызматкерлери бул фактыны аныктоо үчүн алдын ала миң доллар камдашкан. Бирок өзүн ИИМдин өкүлүмүн деп тааныштырган адам акчаны колго албай турганын айтып, аны банктык эсебине которууну буюрган. 16-январда арыздануучу ал сумманы банк аркылуу которгон. С.Б. аттуу жаран Ош шаарындагы соода борборлорунун биринде жайгашкан банктан 69 миң 750 сомду алып кетип бара жаткан жеринен кармалды. Териштирүү иштеринде анын эч жерде иштебегендиги аныкталды. Ал ИИМдин мурдагы кызматкери экендиги белгилүү болду. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.