Бишкекте жаран 30 миң жасалма евро менен колго түштү

Автор -

Өлкөдө ири өлчөмдө жасалма акча сатылып жаткан канал аныкталды. Бул туурасынди ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте Түркиядан келип жаткан жасалма акчаларды сатуу учурунда бул иш менен алектенген топтун бир мүчөсү кармалган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 30 миң жасалма евро алынды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кылмышка тиешеси бар башка жарандарды табуу үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.