Президент Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугат

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда, деп билдиришет президенттик аппараттан.

Бүгүн, 6-февралда  мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушууну өткөрөт.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышат.