Түркияда 5-февралдагы учак кырсыгынан жабыркагандардын экөө кыргыз жараны. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жабыркаган К.Н. жана И.А. аттуу кыргыз жарандарына Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештердин абалы менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы канааттандырарлык.
Жабырлануучулар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Андан кийин бейтаптар дарылануусун кайсы жактан улантары тууралуу маселе каралат.